Коом
Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн турак үйдүн курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын ИИМ министри милициянын генерал-лейленанты Улан Ниязбекдун демилгеси менен Раззаков шаарында Лейлек РИИБдин өздүк курамына 32 батирлүү кызматтык турак үйдүн курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев, Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Канимет Осмонбеков, Лейлек РИИБдин башчысы милициянын майору Кожобек Козубаев, райондогу жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары жана Лейлек РИИБдин өздүк курамы катышты.
Бул курулушту Кыргыз Республикасынын ИИМдин курулуш монтаждоо башкармалыгы тарабынан колго алынып, курулуштун бүтүшү Кыргыз милициясынын 100жылдык майрамына карата аякташы пландалууда.
Эске сала кетсек, буга чейин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй болгон эмес.