Коом
Жалал-Абадда «Курманбек» стадиону толук оңдоодон өттү

Анда 5000 орундук, жарык берүүчү чырактар орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп түзөлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстанда биринчи жолу аталган стадионго VAR-системасы (калыстардын видео аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгү – ред.) орнотулары маалымдалды.

Оңдоо иштери Кыргыз футбол союзу жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан аткарылган. Стадион Азия футбол конфедерациясынын, Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берип, эл аралык расмий оюндарды өткөрүүгө болот.
Анын ачылышына Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев да катышты.
