Соцфонд 1-июлдан тарта кимдердин пенсиясы көбөйө турганын түшүндүрдү
Соцфонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов «Биринчи радиого» маек берип, анда пенсия чегерүүдө кандай өзгөрүүлөр болорун айтып берди.
Мурда пенсияга чыгуу үчүн эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынса, 1-июлдан баштап 5 эле жыл талап кылынат. Беш жылдык эмгек стаж менен пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнөт.
Буга чейин стаж толук болбогон учурда пенсия теңдемелүү эсептелип келген. Маселен, 58 жаштагы аял пенсияга чыгарда 10 жыл эле иштеген болсо, мурда 3 170 сомдун базалык бөлүктүн жарымы гана төлөнчү. Июлдан тарта толук төлөнүп калат.
1-июлда бардык пенсионерлердин пенсиясы көтөрүлбөйт. Базалык бөлүгү толук болбой калгандардын, аз пенсия алгандардын базалык бөлүгү толукталат. Мисалы, 2 миң алып жүрсө, анын үстүнө кошулуп, 3 170ден кем болбой калат.
2-этап боюнча октябрдан баштап баарынын пенсиясы жогорулайт. Башкача айтканда, эң аз деген пенсия 6800дөн кем болбойт.
1-октябрдан тарта көп пенсия алгандардыкы камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйөт, ал эми аз алгандардыкы 6800гө жеткирилет.
Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат.