Коом

ИИМ министринин орун басары ИИОнун ишмердигинде кеңешме өткөрдү

2024-жылдын 24-май күнү ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары, милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлерине жана Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын, облустардын жана Ош шаарынын ИИБнын маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн башчыларына кеңешме өткөрдү. Анда кылмыштарды иликтөөдө аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин маалыматтык камсыздоо максатында ИИБдин ишине заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү жана колдонуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңешме өткөрдү.
Республиканын бардык аймактарындагы коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында сырткы видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча чараларды активдештирүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иштешүү зарылдыгы белгиленди.
Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жана кызматтык маалыматты кызматкерлерге автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана аларга туташтырылган адистештирилген планшеттер аркылуу ыкчам берүү үчүн аймактык бөлүмдөрдүн техникалык жабдылышын бекемдөө маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында, ИИОнун аймактык маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды колдонуу боюнча окутуучу сабактар өткөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button