Окуялар

УКМК: 1 млн 500 миң сомду алдап алган жаран кармалды

Бул тууралуу УКМКнын  маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан З.у.А аттуу жаран кармалып, ал алдамчылык жолу аркылуу  КР УКМК төрагасынын жакындары менен таанышпыз деген шылтоо менен, УКМК тарабынан мурда кармалган КР министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ( мурда “Унаа”)  кызматкеринин бир тууган инисинин ишенимине кирген. Ошондой эле, кылмыш ишин токтотуу маселесин чечип берүүнү убада кылып, 1млн 500миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алган.

Аталган фактынын негизинде КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында З.у.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.        

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button