КоомОкуялар

Жалал-Абадда чет өлкөлүк студентти сүзүп кеткен айдоочу камакка алынды

2024-жылдын 14-майында саат 22:00 чамасында, Жалал-Абад ШИИБне кабар келип түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнөн түштүгүнөн түндүктү карай келе жаткан Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 2001-ж.т. Т.К. аттуу жаран, Индия Республикасынын Ханипат областынын Харияна шаарынын тургуну 2004-ж.т. Жалал-Абад мамлекеттик медициналык факультетинин студенти Tarnum Khanды машинасы менен сүзүп кеткендигин кабарлашкан.

Натыйжада Tarnum Khan башынан жараат алып, Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык оорукансынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт боюнча топтолгон материалдар 2024-жылдын 14-май күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Окуя боюнча “Мерседес Бенс ” авто унаанын айдоочусу Т.К. өз көрсөтмөсүндө: 2024-жылдын 14-май күнү саат 22:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү менен түштүктөн түндүктү карай келе жатып, жолдун кун чыгыш тарабында орун алган “Гран СТО” автоунаа ондоочу жайдын мандайындагы жоо адамдар отуучу жайга жеткенде карама карыш тилкеде келе жаткан автоунаа алыскы чырагын жандырып көзүнө чагылышканын ал автоунаага алыскы чырагын өчүрүү жөнүндө белги бергенин, бирок алыскы чырагын өчүрбөгөндүгүн, жоо адамдар өтүүчү жерден өткөндө жолдун батыш тарабынан чыгыш тарабын карай жолду кесип эки кыз өтүп келе жатканын аларды көрүп автоунааны сол жака, карама каршы тилкеге карай буруп кыздардын бирөөсүн автоунаасынын алдынкы терезесинин он жак чекеси менен сузуп алганын, ошол учурда кыз автоунаасынын капотунун үстүнө бир жолу тоголонуп жерге жыгылып түшүп денесинен жараат алганын, кызды ооруканага жеткиргенин көрсөткөн.

Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам Тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, схемасы чийилип, Т.К. карата сотук-медициналык, соттук-химиялык, соттук-биологиялык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, спирт ичимдигин ичкендигин аныктоо максатында Жалал-Абад областтык психикалык саламаттык борборунун наркология бөлүмүнө жеткирилип, наркология бөлүмүнүн корутундусуна ылайык соо абалда экендиги аныкталып “Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү автоунаасы айып короосуна киргизилген.

Тергөөнүн журүшүндө, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин ректорунун у.м.а. А.Алибаев билдирүү менен кайрылып, Жалал-Абад мамлекеттик университети медицина факультетинин чет өлкөлүк студенти 2004-жылы туулган Tarnum Khan оор абалда ЖАОКБнын жандандыруу бөлүмүндө ушул күнгө чейин комада жаткандыктан, “Мерседес” автоунаанын айдоочусуна мыйзам чегинде чара көрүүнү билдирген.

Жогорудагы жол кырсыгы интернет булактарына таркалып, коомдо талкуу болуп, резонас жаратып, чет өлкөлүк жаран өзүнү билбеген, оор акыбалда ооруканага жатып калгандыгынан, андан сырткары, Кыргызстан Республикасынын аймагында жакын туугандары жоктугунан өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албай, өзү арыз-даттануу менен кайрылууга ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан.

Бирок, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 24-бер. 3-бөл. талаптарына ылайык Эгерде ушул кылмыш көз каранды же алсыз абалдагы, же болбосо башка себептер менен өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албаган адамдарга карата жасалса, тергөөчү, прокурор ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кандай болбосун кылмыш боюнча жана жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы болбосо да сотко чейинки өндүрүштү баштайт деп көрсөтүлгөн.

2024-жылдын 24-май күн Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 312- беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында 2024-жылдын 25-майында айдоочу К.Т. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектуу катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин УКЖна киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button