Коом

Эмне үчүн доллар арзандап жатканы айтылды

Учурда Кыргызстанда доллардын улуттук валютага карата баасы арзандоодо. 27-майга карата өлкөнүн коммерциялык банктарында долларды сатып алуу 87,80 болсо, сатуу 88,30дун тегерегинде болууда. Доллардын арзандашы рынокто анын көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу. Бул тууралуу “Акчабар” маалымат агенттиги экономист, бизнес-пландоо боюнча эксперт Искендер Шаршеевдин пикирин жазган.

Анын айтымында, доллардын наркынын төмөндөшүнүн үч себеби бар.

“Биринчиден, эл аралык “Forex” соода аянтчаларында доллар арзандоодо. Экинчиден, Кыргызстанда калк инфляциядан сактануу максатында сактаган акчаларын доллар түрүндө бактык депозиттерге салган. Мындан улам, доллар түрүндө банктардагы депозиттердин көлөмү өстү. Банктардын акчасы жылбай, эл насыяларды сом менен алууда. Калк насыяларды доллар менен алгандан качууда. Ошондуктан азыр банктар сомго абдан муктаж. Банктар Улуттук банктан кошумча эмиссия сурашууда. Улуттук банк дагы валюта рыногуна долларды саткан. Рынокто, майда акча алмаштыруучу жайларда доллардын саны көбөйүп кетти. Ошол долларларды сатыш керек болууда. Долларга болгон талап аз, сунуш көп болууда. Бул жагдай коңшу өлкөлөрдө да байкалгандай”, — деди ал. 

Ошондой эле, Шаршеев насыяны сомдо алуу жана сомдо кайтаруу пайдалуу экендигин баса белгиледи. Муну ал насыя доллар менен алынса, доллар кымбаттап кетсе, жарандар көбүрөөк акча төлөп калары менен түшүндүрдү. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button