Жан дүйнө. Күйөөм бар туруп үй-бүлөнүн түйшүгүн жалгыз тарткандан чарчадым
Мен сиздердин редакциянын окурмандарынан кеңеш сурагым келет. Колуңуздагы бала менен ажырашууга мажбур болгон айымдар барбы? Болсо, ал учурдан кантип өттүңүз, депрессиядан кантип чыктыңыз? Жашоонун соккусун кантип жеңдиңиз?
Жакшынакай жашап жүргөнбүз, ажырашам деген ойлор пайда болот деп ойлогон эмесмин. Мен үй-бүлөлүк жашоомдо, өзгөчө жолдошумдун жакындарынан бир топ жаман мамилелелерин көрдүм.
Экөөбүздүн ортобуздагы жылуулукту сактап турган нерсе – жолдошумдун мени дайыма колдоп келгени болду.
Биз кайнене, кайната жана кайним менен чогуу жашайбыз. Баш кошконубузга 6 жыл болду, 4 жашар балабыз бар.
Мен иштейм, окуйм, балам бала – бакчада. Башында кайненем мага орой мамиле кылып, күйөөмдү мага каршы үндөп жүрдү. Анын айынан биздин үйдө интригалар башталды.
Бара-бара жолдошумдун башка туугандары да мага терс карап, кудум кайненемдикиндей сезимде боло башташты. Мунун баарын мен туюп жаттым.
Акыркы убакта күйөөм чоочун кишидей болуп калды, ал бат эле өзгөрүп кетти. Мени менен кыжыры келип сүйлөйт, кайын журтум да ошондой мамиле кылат. Ал өзүн эркек эмес, ажаан аялдай алып жүрө баштады.
Жарым жыл мурун жумушунан да чыгып алды. Бир нече убакыт боюу түйшүктүн баарын өзүм көтөрдүм.
Тапканымды үй тиричилигине жумшап жаттым. Иштеген акчам кайда кеткени билинбей да, көрүнбөй да калды.
Ошентип жүрүп жумуштан мен да чыгып кеттим. Жакында окуума акча төлөшүм керек экенин жолдошума айттым.
Ал менин сөзүмө эч кандай көңүл бурган да жок. Же өз оюн бөлүшпөйт, менден кандай жашап жатканымды сурабайт, ооруп жатамбы, ыйлап жатамбы ага баары бир.
Азыр кошунадай жашап жатабыз, акчабыз жок. Же ал акча табайын деп ойлонбойт. Эң кызыгы, кайын журтум менин ата-энемден бизге акчалай жардам берүүлөрүн талап кылып телефон чалыптыр.
Муну укканда жарылдым. Баласынын кылыктарын, алардын мага болгон мамилеси тууралуу баарын айттым. Ушунча жыл ооз ачпай чыдадым. Бирок чыдамым түгөндү.
Мындан ары мындай жашоодо жашай албасымды түшүндүм. Кетким келди. Бирок кайда барыш керек, кантип бала менен жашайм деген ой келет.
Жашоомдогу чоң кадамды жалгыз жасоо мен үчүн абдан коркунучтуу болуп турат. Кыйынчылыктын баарын басып өтө аламбы? Артка кайтуу болбойт, мен артка кайтпайм. Кеткен соң кайра келбешим керек.
Жакшылыкты күтүп жашоо, үй-бүлө үчүн толук жоопкерчиликти алуу, акча табуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү издөө мени чарчатып жиберди. Бул түйшүктөрдөн ден — соолук калган жок…
Эмне кылсам, кандай кылсам деп ой басып отурам…
Жаркынай, 28 жашта
Смело баланы алыныз кетиниз ,убакытты уттупуп аласыз . Баланы бакчага берип иштениз озунуздун расходунузга жетет . Жолдошунуз сизди сыйлабайт значит ал сизге куйбойт . Сиз жолдошум онолот деп кутпонуз ал онолбойт , башка балалуу болуга аракет кылбаныз. Мен психолого бардым так еле ушул сиздин ситуациянызда , срочно кет ажыраш деп айтты ортодо 2 бала бар уже кичине кайда барам кантип багам деген ой мени коркутуп туруп алды тем более 2 бала . Психолог туугандарын жардам берет сура деп айтты . Жолдошум жумуш иштебейт итак бизди бакпайт ,бизге куйбойт . Жашмын опыт жок совет берген киши жок туугандар кой чыдап жага дейт. Акырында ден соолуктан ажыралым нервтен ажырадым . Эркектин да аялдын да жумушун аткарып полный ответственность менин мойнумда озумду жертва кылдым мындайча айтканда . Сен тез кет смело балан 4 жаш онойюраак болот . Балан экооно коп деле расход керек емес. Азыркы акылым болгондо 2 баланы алып смело чыгып кетмекмин . Сен 1 гана бала болуп турат кеч емес , тугандарына бет ме бет отруп толук тушундур шартынды. Бар эркектер арасында аябаай куйумдуу , уйбулосуно караган. Бирок бизге андай адам кездешпеди . Бирок сен соссуз жолугасын .