Пайдалуу кеңештер

Биле жүрүңүз. Ичи тар курбуну кантип билүүгө болот?

Сиз бир мырзаны сүйүп калдыңыз дейли же иштеген ишиңиз бар. Ден соолугуңуз чын, баары ойдогудай. Бирок, тилекке каршы курбуңуздун буга кубанганын байкай алган жоксуз. Ал, ич күйдүлүк сапатына жана сезимине багынып калган. Балким сизге жөн эле ушундай сезилип жатпасын? Муну текшерип көрүү эң эле жеңил. Ал үчүн кубанычтуу кабарларыңызды ага айтып, андан кийин анын кабыл алуу реакциясына байкоо салыңыз.

Ичи тардык кылып жатканын башка сезим менен алмаштырууга мүмкүн эмес. Демек, сөзсүз түрдө байкайсыз. Өзүн зордоп жылмайгансып, ооз учунда кубаттаган болуп, ыңгайсыз абалга кептелет…. 

Муну кантип жеңүүгө болот!?

Эгерде курбуңуз сиз үчүн абдан маанилүу болсо, анда достук мамилеге дароо эле чекит койбой, аны менен ачык, бетме- бет отуруп сүйлөшүп көрүңүз. 

Эгерде курбуңузда жакшы сапат бар болгон болсо, анда ич күйдүүлүк кылганын моюуна алат. Бул учурда сиз ага түшүнүү менен мамиле жасап, анын көйгөйлөрүн кулак салып угуңуз. Балким сизге айтпаган олуттуу көйгөйлөрү болуп жүрбөсүн. 

Ал эми көз көрүнөө жалган айтып, «ичи күйдүлүүк кылган жокмун»- деп ачуусу келсе, анда, акыркы чечим өзүңүздөн. 

Ойлонуп көрүп туура чечим кабыл алыңыз… 

Мындай «курбунун» сизге кереги барбы?

Сизге ичи тардык кылган курбуңуздун алдында кээ бир нерселерди жасабаңыз.

Ичи тардык бул ар бир адамдын жашоосунун кичинекей бир бөлүгү. Андыктан мындан буйтап кача албайсың. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн кээде туура эмес да кадамдар да болуп кетиши толук ыктымал. Маселен, курбулардын ичи күйдүүлүгөн качуу үчүн алардын мырзаларына көз артып, мамиле курууга аракет жасоо туура эмес кадам болуп эсептелет. Ошол эле учурда ичи тар курбулардан тартынып, өзүңүздүн 

жетишкендиктериңизден уялып же жашыруу дагы туура эмес. 

Эгерде сиз өзүңүздү ушундай абалда сезсеңиз, анда курбу күтүүнүн кереги жок.

Курбу күтүүдө өтө чебердик мамиле жасоо керек. Чыныгы достук ачык, эч кандай ичи күйдүлүк кылбоо жана алганды билген бергенди да билиш керек деген түшүнүктө пайда болот. Чыныгы достук мамилени каалайсызбы, анда өзүңүз башка бирөөгө ошондой мамиле жасаңыз. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button