Окуялар

УКМК: Ысык-Көл облусунда фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырган жаран аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай Ысык-Көл облусунда WhatsApp платформасы аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду тосуп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алган КР жарандары УКМК тарабынан аныкталды.

УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары О.Ж.А. жана М.Б.А. тарабынан WhatsApp платформасы аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду бууп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алуу аракети аныкталды.

Белгилей кетсек, сүт өндүрүүчүлөр тарабынан сүттүн баасынын сезондук төмөндөшүнүн фонунда аталган адамдар 1000ден ашык катышуучусу бар WhatsApp группасы аркылуу, облустун аймагында коомдук тартипти бузган, деструктивдүү аракеттерге чакырган аудио билдирүүлөрдү таратышкан.

Соттук лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык,   О.Ж.А. жана M.Б.A. тараткан аудио жазууларда  массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык белгиси аныкталган. Мындан улам, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, КР УКМК жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана социалдык тармактарда тараган чагымчыл маалыматтарга алданбоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button