Коом
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту

Венада өткөн энергетикалык инвестициялык форумда станцияны куруу боюнча Координациялык донорлук комитет да түзүлгөн. Анын курамына Дүйнөлүк банк, ОПЕК фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана башкалар кирген.
Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 Кыргызстанды жана Борбор Азияны эң арзан баада таза энергия менен камсыздай турганын билдирди.
Курула турчу станциянын кубаттуулугу 1 860 мегаватт болмокчу. Ал эми долбоордун наркы $4 млрддан ашат.