Коом
Кызыл-Кыяда алтын саткан дүкөндөн зер буюмдарды уурдаган шектүү кармалды
Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 42 жаштагы тургуну С.Д. Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан “Таштемир ажы” соода базарынын ичинде орун алган алтын саткан дүкөнүнөн белгисиз адамдар тарабынан жалпы баасы 230миң (эки жүз отуз миң) сом болгон эки даана алтын чынжыры уурдалып кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмыштын изи сууй электе Ош облусунун Ноокат районунун 34 жаштагы У.Д. (аял киши) аттуу тургуну аныкталып кармалды.
Уурдалган буюм өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери уланууда.