Коом
Салык кызматынын кызыктыруучу акциясынын 5 жеңүүчүсү аныкталды. Тизме

Салык кызматынын кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциянын биринчи этабынын жыйынтыгы чыгарылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, көз карандысыз комиссия май айындагы беш катышуучуну жеңүүчү деп тапты.
Баш байге iPhone 14түн жеңүүчүсү:
- Алтынай Мамырова (@altynaimamyr).
Смартфондордун жеңүүчүлөрү:
- Айжамал Майрамбекова (@aizhamal_mairambek);
- Жанара Алымбаева (@zhanara.alymbaeva);
- Жайнакова Айдай (@уastimdan);
- Оморова Элиза (@omorova2579) болду.
Эскерте кетсек, акция ай сайын өткөрүлүп турат. Салык кызматы бардык каалоочуларды бул акцияга катышууга чакырат!
Катышуу үчүн өздөрүнүн жеке баракчаларына контролдук-кассалык чектердин маанилүүлүгү тууралуу видеороликтерди же постторду жайгаштыруу керек.
Акцияга катышуунун шарттары тууралуу толук маалымат Салык кызматынын Instagram жана Facebook расмий баракчаларында жеткиликтүү.