Келин сыры. Кайненемдер бизден бөлүнүп тамак жейт

Саламатсыздарбы урматтуу редакция. Менин темам деле элдердикиндей кайнене темасы. Кайненем менен кайнатам, кайын сиңдим өздөрүнчө бөлүнүп тамак жейт, өздөрү каалаганын жеп, биз өзүбүзчө ичебиз….
Биз турмуш курганыбызга 8 жыл болду, 3 балабыз бар. Бирок кайнене деген азап аябай кыйнады. Үй-оокат, продукты менен иши жок, кантип тамак жасайт, не жейбиз деп ойлонбойт деле. Үйдө саан уй бар анын деле каймак-майын кыйратып жедирбейт. Жайында варенье жаап койсом баарын алып кирип тумбочкага кулптап алат, кышында жейсиңер деп койот, кышында только конокторго анан кыздарына ачат. Мен банкаларды ачалы десем сорттоп, сүйлөнүп ачып берет. Ошентип жүрүп үч жылдан бери төркүнүмдөн ташып жемей болдум. Балдарымдын кийим-кечеси менен эч кимисинин иши жок. Ал деле кээде алып бербесе, көбүнчө апам алып берет. Өзүм онлайн магазин иштетип өзүмдү-өзүм камсыздайм, үйдө кайната-кайненемдер менен эки башка отуруп чай ичебиз. Өздөрү каалаган нерсесин алып келип жеп отура беришет. Анан менин эле кылган ишимден айып таап, жумурткадан кыр издеп жок жерден уруш чыгара берет. Сөз сүйлөсөң эле “сен келинсин, бардык нерсеге чыдашың керек” дешет.
Бул окуяда ким күнөөлүү? Тоюнбаган кайненемби же мойнума чыгарып алган менби?