Дүйнө

Москвада чиркөөдө шамдарды өчүргөн 20 жаштагы тажик жараны кармалды

Москванын Зюзин райондук соту 20 жаштагы тажик жараны Аскар Бутаевди камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды.

Ал православ чиркөөсүндө шамдарды өчүрүп, чиркөөдөгү аялды түртүп жиберген. Бул тууралуу Москва прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө комитети Бутаевге дин тутуу эркиндигин бузганы үчүн кылмыш ишин козгоду.

Окуя 18-июнь күнү адмирал Федор Ушаков чиркөөсүндө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, Бутаев ал жерде күйүп жаткан шамдардын баарын өчүрүп, андан кийин чиркөөгө келген аялдардын бирин түртүп, кетип калган. Көп өтпөй ал кармалган.

Baza Телеграм-каналы билдиргендей, Аскар Бутаев Москвага бир нече күн мурда келген. Ал чиркөөнүн жанындагы жатаканада жашаган.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button