Окуялар

Таласта 2 жашар бөбөк сууга агып кетти

Таласта сууга агып кеткен 2 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 18-июнь күнү саат 19:00дөр чамасында Талас районундагы Чоң-Чычкан өрөөнүнүн Чоң-Түз жайлоосунан эки жашар бала ойноп жаткан жеринен чоң сууга кулап агып кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.

Бөбөктү издөө иштерине 100гө жакын милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле ӨКМ, «Альянс-Алтын» компаниясы, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана баланын туугандары издешкен.

“ 20-июнда, сайдагы суунун нугу башка жакка бурулуп, суу азайган. Баланын сөөгү ташка кыпчылып калган жеринен табылды”, — деп жазылат маалыматта.

Бөбөктүн сөөгү туугандарына өткөрүп берилген.

Милиция ата-энелерге кайрылып, балдарды кароосуз калтырбай, тыкыр көз салууну өтүндү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button