Кыргыз спортчулары Азия чемпионатында 12 медаль жеңди
Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Кытайдын Макао шаарында өткөн Азия чемпионатында спорттук самбо боюнча 12 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен 2 алтын, 2 күмүш, 8 коло медаль.
Эркектер арасында +98 кг салмакта Эмирхан Жолдошказиев өз салмагында Азия чемпиону аталды. Алай Сартов (71 кг) Асылбек Жамалбек уулу (88 кг) жана Артур Сансызбеков (98 кг) коло медалга 3-орунду ээлешти.
Күжүрмөн самбо боюнча Саяк Бараканов 64 кг чейинки салмакта Азия чемпиону болду. Даниэль Асеков (58 кг) жана Курманбек Замирбек улу (71 кг) 2-орунду ээлешти. Бекназар Жээмырзаев (98 кг) жана Кошалы Назаркулов (+98 кг) коло медалга ээ болушту.
Кыз-келиндер арасында 50 кг чейинки салмакта Канышай Аманкулова жана 72 кг чейинки салмакта Динара Камчыбекова коло медалга ээ болушту. Ал эми күжүрмөн самбо Акак Үсөн кызы 54 кг чейинки салмакта 3-орунду ээледи.
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев, машыктыруучулар Кулунбек Эстебесов жана Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.