Маданият

Ош шаарында «Бий өнөрү — 2024» эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ош шаарында «Бий өнөрү-2024» II эл аралык бий фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ фестивалдын 100дөн ашык катышуучусу шаардын Ленин көчөсү менен жөө жүрүш жасашты.

«Оштун борбордук көчөсү аркылуу Токтогул Сатылганов атындагы маданият жана эс алуу паркына чейин барышып, анда фестивалдын ачылыш аземи жана сынактын катышуучуларынын өнөрлөрү көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бий топтору катышып жатканы белгиленди. Анын алкагында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси ачылды.

Фестиваль 11-июлга чейин уланат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button