Милиция Ысык-Көлдүн эс алуучуларына балдарына көз салуусун эскертти

Жайкы туристтик мезгилдин кызуу учурунда милиция кызматкерлери Ысык-Көлдүн курорттук аймактарында жергиликтүү тургундардын да, көп сандаган туристтердин да коопсуздугун камсыз кылуу менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Бул жылы милиция кызматкерлери жоголгон балдарды таап, аларды ата-энелерине кайтарып берүү менен өздөрүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн жана камкордугун бир нече жолу көрсөтө алышты.
Алып айтсак, Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиция кызматкерлери июль айынын башынан эле, Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын пляждык зонасынын аймагында жоголгон жаш өспүрүм 5 баланы ата-энесине кайтарып беришти.
«Жайкы мезгилде Ысык-Көлдүн курорттук аймактарына келген эс алуучулардын саны кыйла көбөйөт жана биздин биринчи кезектеги милдетибиз – алардын коопсуздугун камсыз кылуу. Биз, көптөгөн эс алуучулардын арасында адашып калышы мүмкүн болгон жаш балдарга өзгөчө көӊүл буруп келебиз. Биздин кызматкерлердин ыкчам аракеттеринин жана кыраакылыгынын аркасында биз жоголгон бир нече балдарды алардын тынчсызданган ата- энелерине кайтарып бере алдык», — деп белгиледи Ысык-Көл ОИИБдин МКККнын өзүнчө ротасынын тескөөчүсү Марлен Абдрасов.
Милиция кызматкерлери бардык эс алуучулардан балдарына көбүрөөк көңүл бурууну суранышат. Мындай окуялардын алдын алуу максатында бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоону сунушташат:
1. Балдарыңыздарды дайыма көздүн карегинен чыгарбаӊыздар.
2. Балдарга, адашып калса, кайдан жардам сураса болорун түшүндүрүңүз.
3. Зарыл болгон учурда, көрсөтө турган байланыш маалыматы менен балдарыңыздарды камсыз кылыңыздар.
«Биз бардык ата-энелерди эс алууда этият жана жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз. Сиздердин кыраакылыӊыздар — балдарыңыздардын коопсуздугунун кепилдиги», — деп кошумчалады М.Абдрасов.
Милиция кызматкерлери туристтик мезгил коопсуз жана окуясыз өтүшү үчүн күнү-түнү кызматын улантууда. Өзгөчө кырдаал болгон учурда жарандар милициянын жакынкы аймактык пунктуна кайрылууга, же 102 номерине чалса болот.