Коом
1-августтан тарта күйүүчү майды маркалоо башталат. Ушул күндөн тартып министрлер кабинетинин токтому күчүнө кирет
Мындай чара күйүүчү май рыногун көзөмөлдөө, аны мыйзамсыз жүгүртүүгө, салык төлөөдөн качууга, ошондой эле ар кандай маркадагы күйүүчү майларды аралаштырууга бөгөт коюу үчүн зарыл.
1-сентябрдан тарта маркаланбаган күйүүчү майдын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.
Маркалоодо күйүүчү майга бир аз өлчөмдө атайын зат кошулат. Бийлик бул анын сапатына таасир этпей турганын белгиледи.
Салык кызматкерлери маркаланганын атайын аппараттын жардамы менен текшере алышат.
@abal-kg