Окуялар
Бишкек шаардык кеңештин депутаты жол инспектору менен айтыша урушкан видео тарады

Казыбек Эргешов унаасынын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандыгы үчүн Ысык-Көлгө бараткан жеринен токтотулган. Видеодон эл өкүлү инспекторго дароо эле депутаттык күбөлүгүн көрсөткөнүн көрүүгө болот. Буга патрулдук милициянын кызматкери мыйзам алдында баары бирдей экенин эске салды.
Депутат инспекторду “адам эмессиң” деп, пиар менен алектенбөөгө чакырган.
Жыйынтыгында терезени караңгылатууга уруксат жок экени аныкталып, протокол түзүлдү.