Окуялар

Мэрия шаар тургундарын канализацияны таза кармоого чакырат

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы Түгөлбай ата көчөсү, 69 дарегиндеги 4- этаж үйдүн канализациясынын тыгынын жойду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Анын айтымында, канализация түйүндөрүнүн тосулуп калышынын негизги себептери болуп түтүктөрдүн дубалдарына чөккөн бөтөн заттар жана майлар саналат. Коомдук тамактануу түйүндөрүнөн системага кирген май түтүктөрдүн диаметрин жана алардын өткөрүмдүүлүгүн бир кыйла азайтат.

Бул учурда, бөгөт коюунун себеби май, чүпүрөк, жеке гигиена каражаттары жана бойго бүтүрбөөчү каражаттар болгон.

Коомдук тамактануу жайларында май кармагычтарды колдонуу жана аларды дайыма тазалоо, канализацияга бөтөн нерселерди ыргытпоо зарыл.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button