КоомСпорт

Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнүнө арналган кол кармашып урушу боюнча турнир аяктады

2024-жылдын 19-июлунда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөн күнүнө жана 1999-2022-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон Кыргызстандын Күч структураларынын кызматкерлеринин жаркын элесине арналган Улуттук гвардиянын колбашчысынын кубогуна кол кармашып урушу боюнча турнири аяктады.


Турнирдин жабылыш аземинде КР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов турнирдин бардык катышуучуларына жогорку кесиптик чеберчилиги жана күжүрмөн мүнөзү үчүн ыраазычылык билдирип, кубок, медаль жана грамоталарды тапшырды.
Турнирге жалпысынан 100 спортчу, 13 команда катышып, 10 салмактык категориясында өткөрүлдү.
Жалпы командалык биринчи орунду КР КК Улуттук гвардиясынын командасы, 2-орунду 52806 аскер бөлүгүнүн командасы ал эми үчүнчү орунду УКМК чек ара кызматынын командасы ээледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button