Спорт

Олимпиада-2024. Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров беттешин жеңиш менен баштады

Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров беттешин жеңиш менен баштады.

Дзюдочу 90 кг салмак категориясында 1/16 финалда кубалык Силва Моралез менен кез келип, жеңишке ээ болду.

Эми ал 1/8 финалда испаниялык спортчу Тристани Мосахлишвили менен беттешет.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button