Коом

Ошто электр энергия сатуу кызматынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Ош шаарынын электр энергия сатуу кызматы ишканасынын кызмат адамына чара көрүү тууралуу кайрылган.

Ал жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, механикалык электр эсептегичти электрондук эсептегичке алмаштыруу үчүн 30 000 сом акча каражатын талап кылып жаткан.
Буга чейин бир нече жолу эсептегичти алмаштырбаганы үчүн айып пул үчүн акча алган.
Факт боюнча Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
2024-жылдын 31-июль күнү ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, иш бөлмөсүндө 30 000 сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда Ош шаарынын электр энергия сатуу кызматынын бөлүмүнүн башчысы, 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин ылайык 1982-жылы туулган А.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Коомчулук ички иштер органдарынан укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча натыйжалуу ишти, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүдө олуттуу натыйжаларды күтүүдө.
Ички иштер министрлиги тарабынан мамлекеттик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү жана мамлекеттик органдардын беделин түшүргөн кызмат адамдарынын катарын тазалоо боюнча иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button