Дүйнө

Россиянын абактарында жаткан 40тай кыргыз жараны өлкөбүзгө которулду

Россиянын абактарынан Кыргызстандын 40 соттолгон жараны өлкөбүзгө которулду. Бул тууралуу журналисттерге тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө бийлиги 40 соттолгонду Россия Федерациясындагы абак жайларынан республиканын түзөтүү колонияларына которууга макулдук берген.

«Соттолгон Кыргызстандын 40 жараны жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Орусиянын түзөтүү колонияларынан Кыргызстанга которулду», — деди ал.

Аткаминер кошумчалагандай, дагы 52 соттолгон Россиянын колонияларынан Кыргызстанга «которуу аяктоо» стадиясында турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button