Саясат

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 8-10-августта Астана шаарына Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Иш-чарага Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.

Астанада өтө турган Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммити көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын талкуулоого багытталат, деп күтүлүүдө.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун саммиттин алкагында өткөрүлө турган “Борбордук Азия+Япония” бизнес-форумуна катышуусу пландаштырылууда”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button