Окуялар

Тигүү цехтин кожойкеси чет элдиктерди ур-токмокко алып, камап отурган

Бишкекте Кыргызстандын бир жараны жана эки чет элдик кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

1-августта милициянын «102» кызматына шаардагы кийим тигүүчү цехтеринин биринде чет элдик жарандар өз эркине каршы кармалып отурганы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция айтылган жерге барып, Жибек Жолундагы тигүү цехинде чет өлкөлүктөр цехтин кожойкеси жана үч чет элдик тарабынан ур-токмокко кабылып, мажбурланып бир бөлмөдө камалып отурганы аныкталган.

Бул факт боюнча «уруп-сабап кыйноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары Кыргызстандын 57 жаштагы Г.Р. аттуу жараны (аял киши), 24 жаштагы Х.М. жана 22 жаштагы А.Э. аттуу чет элдиктер кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button