Үзүр Жузупбеков кечээ алсырап күрөшкөнүн айтып, себебин айтты
Кыргызстандык спортчу коло алгандан кийин маек берген.
Кечээ күрөшөрдө алсырадым. Же туура эмес тамактанып алдымбы же тамагы жакпай калдыбы… Америкалык балбан менен алсырап күрөштүм, түштөн кийин жакшы болуп калдым.
Даярданып жатканда чучук жеген кооптуу. Ал күчтүүрөөк. Ичти алып коюшу же аш кыла албай калышың мүмкүн. Жеңил эле тамак жеш керек. Балыгын туура эмес жедимби, билбейм, тамак-аш жакпай калды.
Бизде сөздүн ачыгы диетолог, психолог жок. Диетолог, психолог балдар, машыктыруучулар өздөрү болуп калган, ага да акча керек да. Мындай адистер башка мамлекеттерде бар. Биз көбү намаз окугандыктан психологиялык жактан жакшыбыз. Бардык нерсе Кудайдан деп шүгүр кылып коебуз.
Чоң салмактагы атаандаштарга көбүнчө тактикалык жактан утулуп калам. Ушул боюнча иштесем, кийинки Олимпиадада буюрса чемпион болобуз.