Окуялар

Миң-Кушта уран калдыгын ташып бараткан автоунаа кырсыкка кабылды

Миң-Кушта уран калдыгын ташып бараткан автоунаа кырсыкка кабылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-сентябрь күнү Миң-Куш айылында Туюк-Суу — Миң-Куш — Арал автожолунун 2-чакырымында болгон.

«Туюк-Суу уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан «HOWO» үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен. Жерине Жумгал райондук ӨКБдан ыкчам топ, ИИМ кызматкерлери тартылган. Ал эми автоунаа токтогон жерде текшерүү жүргүзүлүп, калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле калдыктар башка унаага жүктөлүп кеткени, кырсыктын себеби такталып жатканы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button