Коом

Пикир: 10 баллдык баалоо системасына качандыр бир өтүшүбүз керек

1-5 ке чейинки балл — бул үчтү (орто), 5-7ге чейинки балл — бул төрттү ( жакшы), 8-9-10 болсо бешти (эң жакшы) деген бааны туюндурчу.

Окуучунун ар бир аткарган эмгегин эсепке алып, көңүл буруп, кичине жетишкендигин, жөндөмүн көз жаздымда калтырбай баалоо үчүн 10 баллдык баалоо система абдан ыңгайлуу жана максатка ылайыктуудай. Анткени «5» алган окуучу менен «+5» алган окуучунун айырмасы бар эмеспи. 8  балл алган окуучу эми ийгиликтин чокусуна кадам койгон окуучу. Ал эми 9 балл алган окуучу ийгиликтин чокусундагы окуучу. 10 алган окуучу ийгиликтин чокусундагы пикти багындырган окуучу болуп саналат. Калган баллдардын топтому дагы ушундай жол жоболор менен түшүндүрүлөт.

10 баллдык балоо системасы учурдагы жаңы усулдар, көндүмдөр, PISA, STEM жана башка жаңы кадамдарга цанариптештирилген жана анын алкагындагы электрондук күндөлүк, электрондук журнал, барына бап келген шайкештикти да жарата алат. Мугалим дайым 5 алган окуучуга 5 коюу тажатмасынан кутулат.  Себеби 5 алган окуучуга да эскертме берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, дайым беш алган окуучуга 9 балл коюп, “дагы кичине аракет кылып, изденүүң керек же деңгээлге жетүү үчүн дагы бир аз өзүңдүн үстүңдө иште» — деген сыяктуу дал келген сөздөрдү айта алат, так, кылдат, стандарттуу баалоо катары.

2001-2005 жылдардын аралыгында  Өзбекстан Республикалыкасында Наманган облусу Касансай районуна караштуу N 22- Фаробий атындагы кыргыз интернатында биология мугалими болуп эмгек жолун баштаганмын. Ушул эле мектепте 1-класстан 11-класска чейин окуганмын. Мен иштеген жылдарда 10 баллдык балоо системасына өттүк.

Баалоонун беш түрүнө да бул 10 баллдык баалоо системасы сонун жалгашат:

1. Диагностикалык баалоо.

2. Калыптандыруучу баалоо.

3. Жыйынтыктоочу баалоо.

4. Өзүн-өзү баалоо.

5. Бири-бирин баалоо (аралыктан баалоо).

10 баллдык баалоо системасы диагноздоочу баалоодо себеп натыйжаны жүзөгө чыгарат, таразага так тартат. Окуучу менен мугалимдин ортосундагы айкындуулукту жаратат. Оболу окуучуга диагноз коюлганда бир нече критерийлер айтылат.

Критерийлердин саны 4 болсо, мисалы: 1. Ырды жаттагансың, көркөм айтууну өздөштүрсөң жакшы болмок. 2. Ырдын маанисин айтып жатасың, бирок толуктооң абзел. 3. Ырдын авторун билесиң, бирок ал жөнүндө учкай кеп салууң керек. 4. Ырдагы айрым жаңы түшүнүктөргө басым жасоо ж.б.

Канчасы аткарылды. Төрттөн бир же болбосо төрттөн эки, төрттөн үч. Төрттөн төрт болсо, баары аткарылды – 100 пайыз . Демек — 10 балл. Окуучу нааразы болбойт. Карап турган окуучуларга да бул жагдай макул келет. Окуучу токтолот, ойлонот. “Мен ырдын автору жөнүндө учкай кеп сала аламын, ырды жеткиликтүү көркөм айта албасам дагы” деген, дагы ушул сыяктуу ой жанып өтөт мээсинде.

Мугалим диагностикалык баалоодо 10 баллдык системаны пайдаланууну өздөштүрсө демек баалоонун башка түрлөрүндө оңой эле колдоно алат. Ал эми окуучулар өзүн өзү баалоодо, бири- бирин баалоодо мугалимди туурайт, мугалимден бат эле үйрөнөт.

Ашира Кулишева, Ала-Бука району, Кара-Үңкүр жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button