Коом

Бишкектеги №26 мектептен 29 мугалим иштен кетти

Бишкектеги №26 мектептен иштен кеткен мугалимдердин саны 29га жетти. Бул тууралуу Билим берүү департаментинен билдиришти.

Эске салсак, буга чейин 9-июлдан 19-августка чейин аталган мектептен 18 мугалим иштен кеткени белгилүү болгон. Алардын айрымдары гимназиялык компонентке кошумча чет тилин окутуу боюнча лицензиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кеткени айтылган.

Департаменттен билдиришкендей, бардык мугалимдер өз каалоолору менен кетишкен. Себептери ар түрдүү, кээ бири чет өлкөгө көчүп кетсе, айрымдарынын жаш курагы жеткен же жеке мектепке, башка мамлекеттик мектептерге которулушкан.

Андан тышкары ушул эле мектепте техникалык кызматкерлерден да кеткендер болгон. Анткени №26 мектеп имаратын муниципалдык бала бакчага бошотуп бергендиктен, кызматкерлердин саны кыскарган.

Учурда мектепте окуучулар көп болгондуктан үч нөөмөттө окууга туура келүүдө.

№26 мектеп француз тилин тереңдетип үйрөтүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button