Коом
Аламүдүн районуна жаңы аким дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Эргешов Азамат Казыбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.
Буга чейин Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70 — беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, берген арызына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Тешебаев Мурадин Жолдошович ээлеген кызмат ордунан бошотулган.