Тагдыр

Кайненем “менин балам менен жашагың келсе, өз балаңдан баш тарт” дейт

8 жаштагы уулум менен экинчи жолу турмуш курдум. Болочок жолдошум акыл-эстүү, сымбаттуу, билимдүү жигит көрүнгөн. Бирок ал сырткы түспөлү гана экен. Чыныгы жүзүн баш кошуп, бир балалуу болгондон кийин гана билдим.

Алгач балам апамдын колунда болду. Экинчи турмушумдан да бир уулдуу болуп, үйдө иштебей отуруп калганымда биринчи уулумду колума алууну чечтим. Күйөөм каршы болду. “Эки бала менен кыйналасың, чоң балаң апаңда болуп турсун, кийин чоңойгондо келет да”, — дегенин мен мага болгон камкордугу катары гана кабыл алыптырмын. Көнбөй, баламды өзүмө алдым. Бардык нерсе ошол күндөн тартып башталды.

Жолдошум балама өч чыкты. 8 жаштагы наристе тентектик кылат эмеспи, а менин балам бир айдан кийин эле жоош-момун болуп чыга келди. Чуркап, ойноп, ызы-чуу салмак тургай, бир ордунан козголуудан коркуп, корунчаак болуп кетти. Кийин гана байкадым, көрсө, мен кичүү балам ооруп ооруканага же дагы бир иштерим менен кеткенимде жолдошум аны сабап, “апаңа айтчу болбо”, — деп коркутчу экен.

Аны уккандан кийин баламдын баскан-турганын аңдып, жанымдан чыгарбай калдым. Тамактанып жатканыбызда балам жолдошумдун көзүн карап, колун нанга да кеңири суна албай калыптыр. Жүрөгүм сызылды, “Менин баламды балаңдай көрбөсөң да ачуу тилиңди тийгизбей, сый мамиледе бол”, — деп талап кылдым. “Мага бөлөк бирөөнүн баласынын кереги жок, тынч жашайм десең апаңа бер, өзүмдүн балам жетиштүү”, — дейт. Ошентип күн сайын урушубуз күчөй берди. Акыркы чекитине да жетти. Бир күнү уруш маалында жолдошум балама атырылып, “сенин айыңдан тынч жашай албай калдым”, — деп бычак көтөрө чуркады. Мен жолдошумдун колунан кармадым, а балам жылаңайлак сыртка качып чыгып кутулду.

Минтип жашоо уланбашына көзүм жетти. Кайненемди чакырдым. Улуу, турмушту көргөн аял уулуна туура кебин айтып, түз жолго салаар деген үмүтүм бар болчу. Бирок “Балаңды эмнеге алып келдиң? Менин балам менен жашагың келсе, балаңдан баш тарт”, — деди. Шамал кайсы жактан жортуп жатканы мага маалым болду. Эки баламды жетелеген бойдон чыгып кеттим. Кайрылып барган жокмун. Жолдошум да бир басып келип өзүнүн баласынын акыбалын сураган жок. Андан бери эки жылдай убакыт өттү. Эки баламды бел кылып жашап келем.

Айжамал, 35 жашта

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button