Доллар түшүүдө, анын Кыргызстанга таасири кандай болот?

Кыргызстанда доллардын куну ылдыйлоодо. Бүгүнкү күндө акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 84-85 сомдун тегерегиндеги суммада сатылып жана сатып алынып жатат. Улуттук банк азырынча доллардын кунунун арзандашына эмне себеп болгонун ачыктай элек.
Доллардын арзандашынын себеби эмнеде жатат? Жана ал Кыргызстанга кандай таасирин берет? Айрым серепчилер белгилеп жатышкандай, доллардын арзандоосу кыргыз ишкерлерине кедергисин тийгизеби? Бул боюнча тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Россия Славян университетинин экономика боюнча докторанты Бахтияр Игамбердиев мындайча ой бөлүштү:
“Валюта рыногунда улуттук валютага карата доллардын кымбатташы, а евронун арзандашы же тескерисинче доллар арзандап, евронун кымбатташы кадыресе практика болчу. Башкача айтканда бул эки валюта негизинен жуп валюталар катары каралат, бири бирин толуктап жүрүп отурушат. Айрым учурда каржы аналитиктери каражатты туура чогултуу үчүн 50 пайызын доллар, 50 пайызын евро менен сактоого кеңеш беришет. Анткени курстун өзгөрүшү тең салмакта болот, жогоруда айтылгандай евро арзандаса, сөзсүз доллар көтөрүлөт.
Бирок акыркы учурда Кыргызстанда евронун да, доллардын да куну улуттук валютабыз — сомго карата арзандаган кызыктуу тенденция пайда болду. Мындай көрүнүш чанда гана кездешет. Ал бир гана бизде эмес, көпчүлүк тышкы рынокто да байкалып жатканын белгилей кетели. Буга эмне себеп болду?
Алгач дүйнөдө жаралган жалпы картинаны түшүнүү үчүн АКШ жана Евросоюздун экономикасында эмнелер болуп жатканын карашыбыз керек. Андан соң Кыргызстандын экономикалык кырдаалын баалоого болот. Ал эми АКШнын экономикасында абал кандай деген суроого жооп берүү үчүн акыркы жылдары, айрыкча КОВИД-19 учурунда АКШ ири өлчөмдө доллар басып чыгарышканын белгилейбиз, 2019-жылы 3,25 триллион доллар, 2021-жылы декабрда 6,41 триллион доллар. Андан кийин 2024-жылдын май айында 5,73 триллион долларга чейин бир аз кыскарган. Аны менен катар АКШ өндүрүшүнүн деңгээли өтө аз өстү. А бул долларлык масса өндүрүш тармагына эмес, каржы тармагына коротулду, аны менен фонд биржасында чоң көбүктөрдү жаратты.
АКШдагы ага чейинки кризистер дагы кошумча акча массасын басып чыгарып, көбүктөрдү жаратуу менен чечилип келген. Мурдагы кризистер суроо-талап рыногуна таасирин бербеген, анткени АКШ долларын дүйнөдөгү негизги резервдик валюта катары бардык өлкөлөр кабыл алышкан жана АКШда керектөөчүлөр үчүн зарыл бардык товарлар дүйнөдөгү экономикасы эң бай рынокко тоскоолдуксуз жеткирилген. Аны менен АКШ калкынын суроо-талабын орундаткан. Анткени өндүрүүчүлөр чоң кирешенин артынан кууп продукцияларын бир топ бардар жашаган калкка сатып, өздөрүнүн жерине инфляция жаратышкан. Албетте, узак мөөнөттүү келечекте бул технологиялык өсүш шартында өнүгүүгө салым кошо алат, бирок технологиянын төмөн деңгээлине жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна байланыштуу өнүгүү перспективалары теориялык жактан гана калды. Иш жүзүндө мунун натыйжасы көбүрөөк эксплуатацияга, реалдуу кирешелердин төмөндөшүнө жана калктын жакырчылыгынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
Бүгүнкү күндө доллардын популярдуулугу белгилүү деңгээлде ылдыйлап жатат, АКШ аны санкциялык күрөштө курал катары да колдонуп жиберди, ошондуктан барган сайын улам көп өлкөлөр соода жана каржы операцияларын долларсыз жүргүзүүгө умтулуп башташты. Мындан улам АКШга жарандары үчүн товарларды кепилдендирилбеген “жашыл” акчасына сатып алуу кыйынчылык жаратууда.
Мисалы, ЕАЭБ өлкөлөрү бири бири менен улуттук валютада соода кылуусу учурда 90 пайызга жетти. Ушундай эле картина БРИКС өлкөлөрүнүн ич ара соодасында да көрүнөт. А Россия менен Кытайдын ортосунда 90 пайыз.
АКШнын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болгону алардын долларына сатып ала турган эч нерсеси жоктугун билдирет. Албетте, баалуу кагаздар, акция жана облигациялардан тышкары. Алар деле компаниялардын кирешеси азайгандыгына байланыштуу кандайдыр бир кызыкчылык жарата албайт. Айрыкча салымдарды жоготуп алуу санкциялык тобокелчиликтин шартында.
Жогоруда айтылгандардын баары сүйүнбөй турган көрүнүштү чагылдырат. Жакырчылык өсөт… үй-жайсыз адамдардын катары дагы… Инфраструктура жараксыз абалга кептелет.
Биздин өлкө Кыргызстан жетекчилигин саясатынын шарапаты менен “глобалдык түштүктөгү” башка өлкөлөрдүн катарында долларга болгон көз карандуулуктан кутулууну жигердүү баштады. Инвестициялар улуттук жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн: Кытайдын, Россиянын жана Европа өлкөлөрүнүн валюталарында тартылып жатканы байкалууда. Эгерде биздин инвестицияларды ири өлкөлөр менен салыштыра турган болсок, балким анчалык деле маанилүү болбой калышы мүмкүн. Бирок биздин азырынча ири экономикага ээ боло элек өлкөбүз үчүн жалпы экономикага дагы, улуттук валютанын наркына дагы абдан жакшы таасирин берет.
Андан тышкары биздин өлкө жетекчилиги негизги резерв катары долларды эмес, алтынды сактоо боюнча абдан туура чечим кабыл алды. Анткени кризис маалында алтын дайыма баасында турат жана ал келечекте пайда жоготуу болбошуна кепилдик берет.
Жалпысынан Кыргызстан улуттук валютаны бекемдеп жатат. Улуттук банктын эсептик ченинин төмөндөшү да сомдун бекемделишин шарттайт, анткени бул экономиканы андан ары стимулдаштырууга жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү, ошого жараша улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Анткени бир топ ылдыйкы ставкада акча көп өлчөмдө кыргызстандыктардын колуна тиет, экономика боюнча ал Кыргызстандын жарандары тарабынан ар кандай товарларга болгон суроо-талапты көбөйтөт, анын арасында кыймылсыз мүлк, жабдыктар, эмеректер ж.б. товарлар бар. Бул өз кезегинде өндүрүштүн өнүгүшүн шарттайт, аны менен катар экономиканын. Өлкө жетекчилигинин аскер кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акысын жана пенсионерлердин пенсиясын пландуу көбөйтүү чечими өндүрүштүн кеңейишине жол ачат. Аны менен катар бизнести ачуу жана жолго коюуда коррупциялык тобокелчиликтер жоюлду, коррупционерлер менен криминалдар дээрлик күн сайын кармалууда, бизнес жүргүзүү үчүн ачык шарттар түзүлдү, мурдагы учурдагы барьерлер алып салынды.
Менимче, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясат менен жакынкы жылдарда айрым өндүрүштөрдүн күчөп өнүгүүсүн жана экониканын гүлдөп өсүүсүн күтсөк болот. Борбордук Азиядагы эң бир туруктуу валютага биздин сом айланаары бышык”.
Айбек Мамбетов