Пайдалуу кеңештер
Эркектин көңүлдөш тапканын кантип билсе болот?
Психологдор сүйүп калган адам өзү сезбей, сүйгөнүнүн кээ бир кыймыл-аракетин, сүйлөгөнүн туурап калат дешет. Кээ бир кыйын аялдар күйөөсүнүн өзгөргөн мимика, кол кыймылдарына карап үй бүлөлүк тааныштарынын ичинде кайсы аял ошондой сапаттарга ээ экенин изилдеп, акыры күндөшүн таап алат.
- Калпты көп айта баштайт. Башкача айтканда, «эмгекчил» же «жамаатчыл» болуп чыга келет. Мурункуга караганда «6-күнү да иштейм» же «жамаат менен мончого (саунага) барышым керек» деп турат.
- Үйдө да чөнтөк телефонун коюп койбой, жанынан түшүрбөй калат. Сизден оолак барып же ваннага кирип алып сүйлөшөт.
- Эгер машинасы бар болсо, анысы улам эле бузула баштайт. «Оңдотуп жүрүп кеч келдим» деп актануу адатка айланат. Машинадагы орундуктар жылып, кээде косметика каражаттары калып калган болот.
- Күндө мурункуга караганда кылдат кырынып, атыр колдонууга өтөт. Жынсысын стилдүү костюмга алмаштырат.
- Төшөктө рахатка мурункудай бөлөбөйт. Төшөк оюндарынын саны азаят. Муну чарчап жүргөнүнө шылтоолойт. Кокус секс болуп кетсе, башкача кошулуу ыкмаларын колдонуп, башкача эркелетет.
- Сүйлөгөндө жаңы сөздөрдү кошуп сүйлөйт. Мурун юмор менен сүйлөбөсө, эми тамаша аралаштырып калат. Мимикалары, кол шилтөөлөрү, сүйлөө манералары өзгөрөт.
- Мүнөзү өзгөрүлөт. Мурункуга салыштырмалуу өзүн шайыр же туталанып, жинденген абалда алып жүрө баштайт. Кемчиликтериңизди көп айтууга өтөт. Байкасаңыз, сырткы келбетиңизди бирөөлөрдүкү менен салыштырып жаткандай болот. Же мүнөзү түнт тартып кетет.
- Акча белгисиз тарапка кете баштайт. Өзгөчө бул майрам алдында байкалат.