Саясат

Эдил Байсалов түрк басылмасына маек берди: Кыргызстан геосаясий оюндарга аралашпайт

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов түркиялык TRT World басылмасына маек берди. Анда Байсалов Кыргызстан Россия менен Украинанын ортосундагы конфликтте нейтралдуу позициясынан тайбай турганын билдирген.

“Кыргызстан биринчи күндөн тартып кагылышууну токтотуп, тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырган. Биз БУУнун Уставын сыйлоону белгилегенбиз.

Биз Орусия менен да, Украина менен да тыгыз байланышта болгондуктан, бул жерде (Кыргызстанда) эки өлкөнүн тең өкүлдөрү жашайт. Бирок биздин приоритет – ички прогресс. Эл аралык деңгээлде биз бардык өнөктөштөр менен практикалык мамилени сактайбыз, БУУ жана аймактык органдардын ишине активдүү катышабыз, ар кандай сырткы басылга каршы турабыз. Бирок биз кайсы бир тарапты тандабайбыз. Биз жеке улуттук өнүгүүбүздөн кайсы бир нерсени жогору койбойбуз”, — деген Байсалов.

Ошондой эле ал журналисттин “Кыргызстан Россиянын таасирине кабылбайбы?” деген суроосуна мындай жооп берген:

“Биз баш тартуу популярдуу деп эле Россиядан баш тартып кетпейбиз. Бул биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга туура келбейт жана мүмкүн эмес.

Россия биздин негизги соода өнөктөшүбүз экени шексиз. Мен белгилеп кетейин, биз, айрыкча банк секторубуз сакциялардын шартында жашап жатабыз. Бирок биз чыдайбыз Кыргызстан геосаясий оюндарга аралашпайт. Биз бизди улуттук өнүгүүбүзгө тоскоол болууга же башка маселелер менен алагды кылууга жол бербейбиз”, — деген Байсалов.

Эске салсак, жакында депутат Исхак Масалиев Украинанын Россияга жасаган соккуларын белгилеп, Кыргызстан бул конфликтте бир жактуу позицияны ээлей турганын убагы келгенин, ал Россия болушу керектигин айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button