Пайдалуу кеңештер

Эсиңизде болсун: эч кимге айтпай турган 5 сыр

Көп учурда оозубуз өзүбүзгө душман болуп чыга келет. Жандүйнө, ийгилик илимин иликтегендер дайыма адамдарды ашыкча сүйлөөдөн, демек, өзү тууралуу баарын ачык айтып салуудан оолак болууга чакырып келишет. Бирок аны аткарбагандар да жок эмес. Негизи эле төмөнкү 5 сырды ичиңизге катыңыз.

1. Келечекке коюлган максат. Максатыңызга жетмейинче, ал тууралуу эч кимге ооз ачпаганыңыз жакшы. Адамдын максаты башында күчтүү болуп турат. Анан ал канчалык элге айтылган сайын ошончолук алсырап, баштапкы күчүнөн кетип, ишке ашпай калышы мүмкүн. Андыктан алдыга койгон максаттарыңызды элге айта бербеңиз.

2.  Жеке жасаган кайрымдуулук иштериңизди эч кимге айтпаганыңыз жакшы. Кайрымдуулук бул- жер бетинде кездешкен эң чоң сыр. Ошол себептен аны көздүн карегиндей сактоо керек. Жасаган кайрымдуулук ишиңизди жар салып мактанбаңыз! Мактануу текеберликке алып барып, бардык жакшылыгыңызды жок кылат.

3. Руханий жетишкениңиз тууралуу эч кимге айтпоо керек. Руханий байлык бир гана сизге таандык. Аны башкаларга айтып аброй топтой албайсыз. Ошол себептен руханий илимиңиз ооз менен эмес, иш менен көрүнүп турганы жакшы.

4. Үйдөгү чыр чактактарды жолуккан жоро жолдошторго айта бербеңиз. Сиз чыр-чатактарды айтуу менен маселе чечилип калбайт. Тескерисинче сиздин үй-бүлөңүздүн кадыры менен куну качат. Эсиңизде болсун! Үйдөгү чыр-чатактарды азайтсаңыз үйүңүзгө береке толот. А эгер үйүңүздө бир күн уруш чыга турган болсо, кырк күн береке качаарын унутпаңыз!

5.  Мурда -кийин уккан жаман сөздөрдү, окуяларды жаңыртып айта бербеңиз! Көчөдө басып жүрүп бут кийимди булгап алгандай эле, кээде ой-сезимдерди да булгап алышыңыз мүмкүн. Көчөдөн уккан жаман нерселерди үйгө келип айткан адам, булганган бут кийими менен төргө чыккан сыяктуу. Андыктан өз үйүңүздү көчөнүн жаман нерселеринен тосуп, үй-бүлөңүздү таза сактаңыз!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button