ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫРТагдыр

«Сенин кыздарыңды эр албайт» деген агамдын кыздары турмуштан бак таба албай калды

Бардар үй-бүлөдө чоңойдум. Ата-энемдин эки гана баласы бар болчу: агам анан мен. Мектепти аяктаган күнү коңшу районго ала качып кетишти. Ал убакта ала качкан жактан келе берүү деген жат көрүнүш эле. «Кыз жыргаар жерине ыйлап барат» деп коюшчу. Мен да ыйлап бардым, бирок жыргаганым жок.

Үч балалуу болгонумдан кийин жолдошум башка бирөөгө үйлөнүп алды. Мени «жүдөп калдың, сулуу болбой калдың» деп чанды. Балдарымды алып өзүмдүн айылыма келдим. Бул убакта ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Алардан калган үй-жай агамдын колунда болчу. Ал жерге батпадым. Айылдын четинде бирөөлөрдүн кароосуз калган, жарым-жартылай бүткөн эки бөлмө үйүндө жашай баштадым.

Ал күндөрдү азыр ыйлабастан эстей албайм. Иштейин десем кесибим жок, ар кимдин жумушун жасайм. Ал убакта элде да акча жок, короосун отоп, кирин жууган иштерге жумшап, акысына беш-он сом беришет. Эптеп өлбөй жан багууга жарайт. Балдарым менен жылдап эт даамын билбей калган учурлар өттү. Азыр айтуудан уялам, өлүм-житим болсо, тамак жеш үчүн барчумун. Бир аз этти көрсөтпөй жеңиме катып келип, балдарыма бөлүп берем. Ал күнү менин балдарымдан өткөн бактылуу адам жок.

Жалгыз агамдан колдоо эмес, кордук көрдүм. Үйүнө жакындатпайт, аялы экөө каарып, заарын чачышат. Менин баратканымды көрүп дарбазасын бекитип, итин агытып коюшат. Кээде конок тосуп калса, жардам бер деп чакырышат. Кубанып барам, ишин жасап, арткан шорпосунан үйгө көтөрө келем го деп. Кайдан. Ичеги -карынды арттырышкандан кийин «эми сен бара бер, шорпо бышканда артыңдан берип жиберебиз», — деп куру кол жолго салышат. Аларга ишенип, азыр шорпо келет деп балдарым менен үмүттөнүп эшикти карап канча таңды атырдык.

Агамдын бир кызы менин кыздарымдан 2 жашка улуу. Алардын эски кийимдерин кээде берет, кубанып алып жыртыгын жамап кийебиз. Бир ирет менин көзүмчө короосуна от жагып кыздарынын бүтүн кийимдерин «тар келип калыптыр», — деп отко ыргытты. Мен отурам, төрт көздөп карап. Бир — экөөсүн отко жеткирбей бекитип алайын десем, жеңем жанымдан кетпей койду. Заар тилинен тартынып, күйүп жаткан кийимдерди карап жүрөгүм от болуп жатты. Ушундан көрө бизге берсе болбойт беле дейм.

Балдарым мектепке корунуп барып, корунуп келишет. Жыйырма сом чогултушса да бере албайм. Бирок жакшы окушту. Мектеп директоруна рахмат, акыбалыбызга түшүнгөн, колдогон, жылуу сөзүн айткан бир гана ошол аял болду!

Жеңем үйүнө бадыраң туздашууга чакырды. Эки кызымды алып бардым. Кыздарым илмейип чаканы көтөрө албай жатса, ары жактан карап турган агам: «Кыздарыңдын кебетелери кантет, ач арбактай болуп! Буларыңды эр албайт го! Кимди жыргатмак эле!» — десе боло. Бул сөзү жүрөгүмдү тешип өттү. Өзүң тагдырыңдан өксүп, кыздарыңдын тагдыры үчүн кабатырланып жүргөндө, мындай сөз сайдын ташындай муздак анан оор болот экен. Бирок каяша айта албайм, кыздарымды коргой албайм. Үн чыгарсам баса калып сабагандан да кайра тартпайт эле агам. Ичимден сызып, ыйлагандан башка аргам жок!

Балдарым мектепке кеткенде Умай эненин аталасын жасайм. Бул тилектин тамагы. Тынчтыкта жасап, даяр болгуча тилегиңди айтышың керек. Кудайга жалынам. Балдарыма бак тилейм. Көзүмдөн аккан жаш жамгырдан айырмасы жок. Көйнөгүмдүн көкүрөгү көл-шал суу болот.

Кудай тилегимди укту. Үч балам тең турмуштан ордун тапты. Жогорку билимдүү болушту. Өз күчтөрү менен окууга өтүп, өздөрүнө таянып гана чоң турмушка кадам ташташты. Жолубузда жакшы адамдар жолукту, ошолор балдарымдын идирегин, жөндөмүн, умтулуусун көрүп, жол ачып беришти.

Кыздарым удаа турмуш курушту, жакшы күйөөгө, мыкты кайын журтка туш болушту. Жалгыз бой эне чоңойтуптур, колунда жок экен деп түрткүнчүк кылабы деп алгач санааркап жүрдүм. Жок. Куда-кудагыйларым баарын түшүнгөн, айкөл адамдар болуп чыгышты. Кыздарым: «Кайын энем, кайын атам апаң силерди жалгыз чоңойтуп түйшүккө батыптыр. Эми аны актагыла. Катуу сөз айтмак тургай, акырая карабагыла. Тапканыңарды бергиле, кийиндиргиле, эс алдыргыла. Ал аял жакшы нерсеге татыктуу деп айтты», — дегенин угуп дагы ыйладым. Бул сапар кубанычтан. Ыраазымын!

Уулум да жакшы келинчектүү болду. Мен ага кызымдай мамиле жасап, ал мага ошондой жооп кайтарат.

50 жаштан ашкандан кийин гана чыныгы жашоонун даамын сезип баштадым. Уулум мектепти аяктаары менен, ал убакта кыздарым да студент болуп калышкан, шаарга келдим. Айылга кайтып барбадым. Шаардан үй-жай күтүп бутубузга турдук. Балдарымдын бактылуу экенин көрүп, көкүрөгүмдү керип кенен дем алууга үйрөндүм.

А агамдын кыздарынын турмуштан жолу болбой калды. Бири ушул кезге чейин бой жүрсө, бири улам турмуш жаңылап, бирок ордун таба албай жүрөт. Жок, табалабайм. Атасынын кесир сөзү кыздарынын тагдырын бууп койдубу деп гана ойлонуп калам.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button