Коом

Депутат ЖКККББнын жетекчисине жол тыгынын чечүү үчүн ар кандай тыюуларды киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Бишкектин жолдорундагы тыгын маселесине кайрылды.

Депутат жол тыгындарынын көп болушуна солго бурулуштарды жана экинчи маанидеги кошумча жолдорду айыптады.

«Зарыл болсо башка шаарларга окшотуп айланма жолдорду салуу керек. Жол тыгындарды чечпесек болбойт. Шаарда автоунаа айдоо мүмкүн болбой калды. Мен силерди сындаган жокмун, сунуш берип жатам. Эч нерседен коркпогула. Эгерде тыюу салууларды киргизүү зарыл болсо, аны киргизгиле», — деди депутат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробековго кайрылып.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button