Бишкектеги студенттер жаңы окуу графигине нааразы: окуу менен жумушту айкалыштыра албай калдык

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери жаңы окуу графигине нааразы болушууда. Алар Change.org сайтында петиция түзүштү.
Белгилей кетсек, жаңы күн тартиби боюнча атайын адистештирилген жана жогорку окуу жайларында сабактар саат 10.00дөн эрте башталбайт.
Студенттер бул жол тыгындарын азайтуу үчүн кабыл алынганын, бирок аларга ыңгайсыздык жаратып жатканын айтышууда. “Биздин көпчүлүгүбүз коомдук транспорттор менен жүрөбүз, ошондуктан студенттер жол тыгынынын жаралышына себепкер эмес. А жаңы күн тартиби тескерисинче жол тыгынын көбөйтүп жатат.
Экинчи сменада окуган студенттердин сабагы эми 20.00дөн – 21.00гө чейин аяктап жатат. Бул окуу менен жумушту айкалыштырууну кыйындатууда. Арабызда окуп жана иштеп, өзүн каржылап жана окуу акысын өз төлөгөндөр көп. Жаңы график менен иштөө такыр мүмкүн эмес”, — дешет студенттер.
Алар жаңы окуу графигин кызыкчылыгын эске алуу менен карап чыгып, окуу менен жумушка бирдей жетишүүгө ыңгайлуу кылып түзүп берүүнү талап кылышкан.