Ден соолугум чың болсун десеңиз 9 эрежени сактаңыз
1. Жаңы бышкан ысык нан жана торт көп жебеңиз.
2. Телефонуңузду жана башка гаджет түзүмдөрүн өзүңүзгө жакын жерлерге коюп заряддабаңыз.
3. Мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша бир күндө 10 стакан суу ичиңиз, бул заара чыгаруучу табарсыкта залалдуу шишиктин пайда болуусун алдын алат.
4. Күнүнө эки чыны кофеден ашык ичпеңиз, бул ич оорусуна алып келет жана уйкуну качырып, кыйнайт.
5. Майлуу тамактарды азыраак жеңиз. Себеби организм майлуу тамактарды 5-7 саатта гана сиңирет, бул аралыкта ыңгайсыздык жана жагымсыздык алып келет.
6. Кечки саат 5тен кийин тамак жебегенге аракет кылыңыз.
7. Сизди бактылуу жана дени сак кылуучу алты азык: банан, грейфрут, нан, шпинат, ашкабак жана шабдаалы.
8. Бир күндө 8 сааттан аз уктоо мээнин иштөөсүн начарлатат. Түштөн кийин бир аз уктап алуу бир күн бою жакшы маанайды камсыз кылып, жаштыкты узартат.
9. Бышырылып, даярдалган помидордун чийки помидорго караганда дарылык касиети жогору болот…