Суук тийүүдөн тез арылтуучу 5 ыкма
Күн сууктап калган мезгилде ар бир адам жок дегенде бир жолу суук тийүүдөн жабыркашы мүмкүн. Суук тийүү дене табынын көтөрүлүшү, тамактын оорушу менен коштолот эмеспи. Мындан улам биз сиздерге сүт негизин түзгөн 5 элдик ыкманы сунуштайбыз.
Бала чактагы кездер эсиңиздеби? Суукта бут кийимибиз ным тартып үйгө чуркап келгенде энелерибиз жароо туздуу, ысык сууга бутубузду салдырып, андан соң жүн байпак кийгизип коер эле.
Ага карабай эртең менен тамак ооруксунуп, мурундан суу агып калса, энелерибиз сыйкырдуу суусундук ичирсе, кечке чейин оору сен көр, мен көр жок болот. Кайрадан көчөгө чыгып ойной берүүгө болот.
Куркума менен сүт же “алтын сүт”
Биринчи кезекте бал кошулган ысык сүт же бал, сода жана каймак май кошулган ысык сүт. Ага болбосо “алтын сүт” деп аталган куркума кошулган сүттү пайдаланууга болот. Ал үчүн бир чай кашык майдаланган куркуманы бир стакан ысык сүткө кошуп, жакшылап аралаштырабыз. Аны шашпай, майда уурттам менен ичүү керек. Бул бир гана суук тийүүгө гана жардам бербестен, дагы бир катар ооруларды айыктырат.
Инжир менен сүт
Бул үчүн беш даана инжир кагын эки стакан сүткө салып кайнатабыз. Бул абдан даамдуу жана ошол эле убакта пайдалуу суусундук. Сүттү ичип, инжирди жеп алууга болот. Бул сыйкырдуу суусундукту бир жолу ичкенде эле тамактын оорусу азайганын туясыз.
Минералдык сууга кошулган сүт
Минералдык сууга Боржоми эң жакшы туура келет. Аны 1:3 пропорциясында кошосуз. Эгерде Боржоми табылбаса, башка минералдык сууларды деле колдонууга болот. Этикеткасынан курамында эмнелер барын караңыз. Жакшысы минералдык сууну дарыканадан сатып алсаңыз, эмнеге колдонооруңузга карап сатуучу кайсы суу ылайык келээрин айтып берет. Биринчи минералдык суунун газын чыгарып таштайбыз. Андан кийин сүткө кошуп ичүүгө болот.
Банан менен сүт
Бананды майдалап сүткө кошуп, ичүүгө болот. Ага банандан тышкары бал жана какао кошсо да болот. Бул жаш балдарга абдан жагат. Ачуу дарыларды мажбурлап бергенге караганда энелерибизден калган ишенимдүү, даамдуу рецепттер жаш балдарга жагып гана тим болбостон, ар кандай суук тийүү ооруларынан да айыктырат.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды суукка урунуудан сактаңыз. Эгерде канчалык сактанганга карабай баары бир илдетке тушугуп калсаңыз дароо дарыланууну баштаңыз.