Бишкекте эл аралык театр фестивалы өтөт
23-27-сентябрда Бишкекте IX эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык драма театрынан билдиришти.
Маалыматка ылайк, бул жылы фестивалдын алкагында алты өлкөнүн театр чыгармалары сахналаштырылат. Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз театр искусствосун дүйнөлүк деңгээлде таанытуу жана өнүктүрүү.
Фестиваль А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры тарабынан «Токой» спектакли менен ачылат.
Фестивалда көрүүчүлөр Черногориядан Слободан Маруновичтин аткаруусундагы «Нжегостун акыркы сааты», Армениядан Арам Ованисяндын «Ара сулуу» спектаклин, Испаниялык Хосе Антонио Люсиянын «Скорпион же церемония» монодрамасын, Россиядан Владимир академиялык областтык драма театрынын артисти Анна Лузгинанын «Менин апам — өлүм периштесинин катчысы» спектаклин, ошондой эле Сербиялык Мария Бергам менен Милош Павловичтин катышуусундагы «Эки аял жана бир согуш» драмасын көрө алышат.