Бакыт Бакетаев: Көк-бөрү кыргыздыкы гана болушу керек!
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын Көк-бөрү оюнунан кийин чыккан чыры тууралуу мындай пикирин билдирди:
-Көчмөндөр оюнунда Кыргызстан менен Казакстандын Көк-бөрү боюнча курама командаларынын финалдык таймаштагы чырынан кийин менде так пикир пайда болду. Спорттун бул түрүн бөлүп-жарып, ар кандай аталыш берип, ар кандай эреже киргизүүнү токтотуш керек. Көк-бөрү кыргыздыкы гана бойдон калышы кажет! Бул катаал, чыныгы эркектердин таймашын көргүсү келсе, Кыргызстанга келишсин! Корриданы жактыргандар аны көрүү үчүн Испанияга барышат эмеспи. Мында да ошондой болууга тийиш.
Көк- бөрү — бул байыркы катаал оюн, анда жылкы менен адам бир бүтүнгө айланат. Жакынкы убакка чейин эле кыргыз жигиттери улактын ордуна карышкырды тартышкан. Ар бир кыргыз кичинекей чагынан тартып үйүрдүн жанында чоңойгон, горшоктон биринчи ээрге отурган, басканды үйрөнгүчө ат жалында ойногонду үйрөнгөн. Байыркы заманда кыргыздар кентавр болушкан, андан кийин Кудай же эволюция бизди эки бөлүккө бөлүп салган деген да уламыштар бар. Кыргыз Көк-бөрүсү алгаласын!