«Жашоосуна киргизгени менен жүрөгүнө киргизбептир». Жасалма патриоттон жабыркаган кыздын каты
Турмушка 17 жашымда чыгып, удаа үч балалуу болгондон кийин, жети жыл жашап ажырашып кеттим. Эмнеге ажырашканымды айткым келбейт, чыныгы мырзалык сапатты, камкордукту, жылуулукту издесем керек.
Андай адамга да жолуктум. Жолдошум менен ажырашкандан соң бир нече жылдан кийин көңүлүмдөгү мырзаны тапкандай болдум. Ал киши жалпы коомчулукка белгилүү, өзүнүн эл, мекен деген патриоттук жалындуу билдирүүлөрү менен чыгып жүргөн адам. Элин, мекенин ушунчалык сүйүп, коргогон адамга кыргыздын бир кызын коргоо, камкордугуна алуу оор болбосо керек деп ойлогом.
Мамилебиз жакшырып, бири бирибизге таянган, ишенген, колдогон жуптарга айландык. Бирок ал үйлөнүүгө шашылбады, убакыт-сааты келгенде баары болоорун айтчу эле. Менин биринчи жолдошум калтырган эки кабаттуу үйдө чогуу жашап жаттык. Ата-энеси, бир туугандары менен тааныштырды, алар менен жакшы мамиледе болууга тырыштым жана ал максатыма жете алдым. Чынында Самат (аты өзгөртүлдү) камкор болчу, каражатын аябай мени жана үч баламды камсыздап жатты. Иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жок, бизнес менен алектенгендиктен күнү бою ар кайсы жакка барат, кээде чет өлкөгө чыгат, дайыма мен жанында болушум керек эле. Ошону талап кылды. А мага да анын жанында жүрүү жакчу. Кыскасы гармония.
Кырсык айттырбай келди. Ортончу уулум капысынан катуу ооруп калды. Көрсөтпөгөн жерибиз калбады. Жүрөктү тешип өткөн диагнозу чыкты — рак. Дарылатып баштадык. Самат Германиядан 8 миң долларлык аппарат алдырды, сактап калууга болгон күчүбүздү да, каражатыбызды да аяган жокпуз. Баламдын атасынын дагы колунда бар адам, ал дагы дараметинин баарын жумшады. Бирок дарттын алдында алсыз болдук, эки жылга чукул убакыттан кийин уулубузду жоготтук. Бул кайгыдан мени Самат гана сактап калды. Жакшы сөзүн айтып, колдоп, таяп жанымда жүрдү. Тааныштарга уулума куран окутуунун чыгымын көтөрдү. Айтор мамилебизди расмий бекемдебесек дагы күйөөмдөй эле болду.
Арадан бир жарым жыл убакыт өттү. Мен үйүмдү сатууну чечтим. Уулум төрөлгөн, чоңойгон, ойногон, андан кийин сабагын окуган бөлмөлөрдү көрүү оор болду. Самат бул оюмду колдоду. Бул үйдү сатып башка жактан үй алмак болдук. Короосу кенен, өтө сапаттуу салынган үй болгондуктан чоң суммага өттү. Баары колума акча тийген күндөн башталды.
Самат: «Бизнесиме шашылыш түрдө ири суммадагы акча керек болуп калды. Мага акча келмек, бизнес-өнөктөштөр бир аз кечиктирип жатышат. А аны күткөнгө жакшы мүмкүнчүлүктөн куру калчудай болуп турам. Сендеги акчаны берип тур, мен ишти уланта берейин. А бизнес-өнөктөштөр салганда үй алабыз», — деп калды. Буга чейин анын бизнесин жакшы билгендиктен, дайыма бизнес-өнөктөштөр арасында каражатты которуу бир жумага артка кетип же эрте болуп тураарын жакшы билчүмүн. Бирок өнөктөштөрү бир да жолу алдаган эмес, ишенимдүү, туруктуу бизнеси бар болчу. Ошого жамандык оюмда жок акчаны кармата салдым. Анан эле Саматымды таппай калдым…
Телефон номерин алмаштырды, соцтармактардан мени блоктоду. Досторуна байланышсам, алар Саматтын кайда экенин айтышпайт, мени менен сүйлөшкүлөрү келбейт. Ата-энесине, бир туугандарына да бардым, ыйладым. Алар деле сыртын салып, «экөөңөрдүн жеке мамилеңерге бизди кийлигиштирбегиле, маселеңерди өзүңөр чечкиле», — дегенден башканы айтышпады.
Бир күнү барчу жерлерин аңдып жүрүп жолуктум. Ошондогу сөздөрү эсимден кетпейт. Мени теше тиктеп, көзүнөн чаарын учуруп «балаң ооруганда мынча акчам кеткен, ага куран окутканда мынча чыгым болдум, сага аны, муну алып бердим» деп, алып берген телефон, көйнөк-көнчөктөн (дагы жакшы байпактарды айтпады) бери эсептеп берди. Менин үйүмдүн акчасына жетчүдөй эле сарптаган экен мага…
Самат учурда чет өлкөгө кетти деп угам. Мен ага эч нерсе кыла алган жокмун. Сотко берейин десем, акча алганын тастыктай турган бир да кагаз жок менде. Экөөбүздөн башка күбө дагы жок. Албетте, Жараткан баарына күбө. Жараткандын гана сотуна коюп, бармагымды тиштегенден башка айлам жок жүрөм. Жашаарга үйүбүз, иштерге ишим жок, эки балам менен туугандардын үйүндө күн кечирүүдөмүн.
Эч убакта чоочун адамга ишенбегиле! Коюнуңа киргени, коюнуна киргизгени менен жүрөгүнө киргизбеген мырзалар болот экен. Мекеним, элим үчүн деп күйүп-бышып кыйкыргандардан алыс качкыла! Чыныгы күйгөн адам кебин коюп, ишин жасайт, иши аркылуу сүйүүсүн билдирет. А кыйкырчаак жасалма патриот жасалмалуулугун аялзатына да жасайт экен.
Нурила