Башкаларды эмес, өзүңүздү ойлоңуз: 17-сентябрга гороскоп
Кой. Бул күн жагымдуу, тынч иштер үчүн ылайыктуу, эгер сизди тең салмактуу абалдан чыгара турган жумушуңуз болсо, аны бүгүнчө колго албай туруңуз. Азыр сиз жөнөкөй эмес эмоционалдык маалда турасыз, ошондуктан ар кандай кыжырыңызга тийген көрүнүштөргө жакындабай койгонуңуз оң. Ошондой эле жылдыздар сизге туугандар менен баарлашыңыз деп айтышат.
Букачар. Шейшемби күнү сизди пландалбаган сатып алуулар күтөт. Акчаңызды олуттуу сатып алуулар үчүн канчалык сактап, үнөмдөп жатсаңыз дагы, азырынча жетиштүү чогулта албайсыз. Сизге каржылык сабаттуулук боюнча билим алуу ашыкчалык кылбайт, анын үстүнө айланаңызда акчаны акыл менен корото алган көп адамдар бар.
Эгиздер. Күн иш планында ийгиликтүү болот. Жетекчилик менен сүйлөшүү болушу мүмкүн же алар сиз тууралуу кандайдыр бир жыйынтыкка келишет. Сизге мындан да көбүрөөк эмгектенүүгө туура келет, баары бир ар бир мээнетиңиздин акыбети акча болуп кайтып келет. А жеке мамиледе азырынча кубанычтуу учурлар аз, бирок баары сизден көз каранды.
Бөйөн. Түйшүктүү күнгө даяр боло бериңиз. Айланаңыздагылар сиз менен жаңжалдашууну ниеттенишүүдө, ошондуктан ыңгайсыз сүйлөшүүлөрдөн кача албайсыз. Кесиптештериңиздин бири сиз менен сүйлөшүүдөн баш тартышы мүмкүн, эски таарынычтарын айтат же карызын кайтарууну талап кылат. Кыскасы, бүгүнкү күн сизди чарчатат.
Арстан. Сиз жумуш менен жашайсыз, а бул албетте, сизге эртеңки күнгө болгон ишенимди, каржылык эркиндикте берет. Бирок үй-бүлөлүк жашооңузга көлөкөсүн тийгизет. Жакындарыңыз сиз алардан качып жумушка кетип жатканыңыздай кабыл алышат, иштеген сизге жагаарын түшүнүшпөйт. Бул түшүнбөөчүлүктү чечпесе болбойт.
Бийкеч. Үй-бүлөлүк маселелерди кийинкиге калтырууга болбойт, бардык жаңжалдардын себебин таап, жиликтеп, жакындарыңыз менен сизди тынчсыздандырып жаткан нерселер боюнча сүйлөшүп алганыңыз оң. Азыр үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири өзү каалагандай жашап жатат, эгерде эч нерсе кылбасаңыз, бири бириңиздерден алыстагандан алыстап чоочун адамдарга айланасыздар. Андай кылбоо керек.
Тараза. Бул күнү жумуш ушунчалык көп болот, кечинде ширеси сыгылган лимондой болуп каласыз. Жумушка болгон мамилеңизди карап көрүңүз, сиз ага өтө көп убакыт бөлүмп жатасыз, жумуштагы маселелерге жеке маселеңиздей санааркайсыз. Мындай берилүү жетекчиликке жагат, бирок өзүңүздүн абалыңызга терс таасирин тийгизет.
Чаян. Иш абдан көп болот, ошондуктан Жылдыздар сизге уктап калбай, будильник шыңгыраганда дароо туруп, тамактанып, бийлеген бойдон жумушка жөнөөгө кеңеш беришет. Эгерде жайбаракат жүрө берсеңиз, көйгөйлөр жамгырдай жаап баштайт.
Жаачы. Эмгек жамаатыңызда сизге жардам берүүгө даяр турган адамдар бар. Жөн гана. Чын жүрөктөн. Алардын колдоосунан баш тартпаңыз. Аны менен сиз ойлогондой алсыз жагыңызды далилдеп жаткан жоксуз. Адамдар сизге жакшы мамиле жасашат, болбогон жерден жаман ойлорду ойлоону токтотуңуз.
Текечер. Бул күнү күтүлбөгөн кырдаалдар пайда болуп, сизден чыдамкайлыкты жана көңүл бурууну талап кылат. А негизинен күн тынч эле өтөт. Айрыкча кечкисин үй-бүлөңүздүн курчоосунда жагымдуу учурду өткөрөсүз. Сизди кубантышат, сиз да аларды кубантасыз. Мына, ушундай гармония жана бакыт!
Суу пери. Жакындарыңыз тууралуу ойлонууну токтотуп, өзүңүз тууралуу ойлонуңузчу! Бул күнү өзүңүзгө кичинекей кубанычтарды тартуулаңыз. Сиз ага толугу менен акылуусуз, анткени акыркы убакта башкалардын маселесин чечүү менен гана жашап калдыңыз. Жылдыздар сизге көбүрөө эс алууну да сунушташат. Айрыкча гаджеттерден.
Балык. Шейшемби майда жагымсыз окуяларды тартуулайт, бирок сиз жакшы маанайда болсоңуз, аларды байкабай деле каласыз. А эгер маанайыңыз чөгөрсөңүз, анда көп санааркап, кыйналасыз. Керектүү маанайды тандап алыңыз, ошондо баары жакшы болот!