Кызыктар

БАДдын ордуна азыктарды колдонуңуз: кайсы витамин кайсы азыкта көп?

Заманыбызга жараша кадам сайын биологиялык активдүү кошулмаларга, витаминдерге туш келебиз. Алар ушунчалык көп, жыйынтыгында витаминдерди, организмге керектүү азыктарды азык-түлүк, тамак-аштан алууга ээринип, даяр таблеткаларды оозубузга сала баштадык. Бирок дарыгерлер таблеткаларга караганда азык-түлүктөн витаминдерди алуу бир топ коопсуз жана пайдалуу экенин айтышат. Кайсы азыкта кандай витаминдер көп экенин эсиңиздерге салабыз.

А витамини — сабиз, ашкабак, шпинат, манго.

В2 витамини — миндаль, козу карын, йогурт, шпинат.

В9 витамини — спаржа, брокколи, жасмык, авокадо.

С витамини — апельсин, кулпунай, киви, гуава.

Кальций — капуста, брокколи, миндаль, тофу, сыр.

Темир — жасмык, шпинат, нокот, кара шоколад.

Магний — кара шоколад, авокадо, банан.

Калий — таттуу картошка, кызылча, гуава, кургатылган өрүк.

Цинк — ашкабактын данеги, нокот, тофу, йогурт.

Селен — жаңгак, күнкарама данеги, козу карын.

Омега-3 — балык, зыгыр уругу, чиа уругу, грек жаңгагы.

Пробиотиктер — йогурт, кефир, кимчи.

Пребиотиктер — спаржа, сарымсак, манго, алма, банан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button