Кызыктар

Өтө ыңгайлуу жашоо “алтын капаска” айланып кетиши мүмкүн: 18-сентябрга гороскоп

Айрымдар бул күнү жеке санааркоолордун чынжырынан чыга албай калат, бул чыныгы стрессти жаратышы мүмкүн. Астрологдор өзүңүзгө көбүрөөк ишенүүнү сунушташат.

Кой. Бүгүн күн күтүлбөгөн кырдаалдарсыз өтөт, бирок кээ бир чечимдерди кабыл алуу абдан кыйын болот. Сиз «макул» же «каршы» дегенди тандай албай, олку-солку болушуңуз мүмкүн. Ошондуктан астрологдор бул маселени башка күнгө жылдырууну сунушташат.

Букачар. Букачарлар жаңы билимдерди издөөдөн эринбеши керек. Эгер сиз жалкоолукка жана кайдыгерчиликке жан тартсаңыз, анда бул жылдыз белгисинин өкүлдөрү жашоодо ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп алуу коркунучу бар.

Эгиздер. Күндүн биринчи бөлүгүндө жаңы таанышуулар болот. Бул жолугушуулардын бири жакынкы келечекке олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бөйөн. Бүгүн таза абада сейилдөө үчүн убакыт бөлүү керек. Эгерде чыгармачылык эргүү жаралса, аны сөзсүз колдонуңуз.

Арстан. Жумуштагы түйшүктүү күндөн кийин эс алыңыз. Ысык ванна жана кызыктуу кино эс алууга жана көңүл ачууга жардам берет.

Бийкеч. Сиз өзүңүздү “комфорт зонасы” деп аталган алтын капаска камап таштадыңыз. Бирок бүгүн буга чейин сизге жагып, көнүмүш болуп калган шарттар темир тордой кысып баштаганын сезесиз. Бул «капастан» чыгып, өзүңүздү жаңы жерден издөө керек деген биринчи белги.

Тараза. Жеке жашооңузду жакшыртууга кадам таштаңыз. Бактылуулуктун жана сүйүүнүн дозасын алуу үчүн маселелерди өз колуңузга алууга убакыт келди.

Чаян. Сизге жаңы эшиктер ачылышы үчүн бир аз көбүрөөк ишенимдүү болуңуз.  Эгерде жаңы кыйынчылыктарды көтөрүүдөн коркпосоңуз баары жакшы болот.

Жаачы. Энергиянын агымы туура багытка багытталышы керек. Эгерде сиздин күн тартибиңизде кол коюла элек келишим болсо, анда бүгүн кырдаалды оңдоого ылайыктуу учур.

Текечер. Бүгүн акыркы иштердин жыйынтыгын чыгарууга ылайыктуу күн. Эгерде кандайдыр бир план түзсөңүз, анда ал максатыңызды ишке ашырууга өбөлгө болот.  

Суу пери. Күнү бою толкунданта турган окуяларга кабыласыз. Астрологдор кийин аткара албай турган ашыкча убадаларды бербөөнү сунушташат.

Балык. Балыктар жарнамага ишенбеши керек, анткени маркетингдин айлакерлигинин кайырмагына бүгүн илинип калышыңыз ыктымал. Банктардагы бардык аманатыңызды текшерип коюңуз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button