Коом

УКМК: Казакстандан 308 баш ийри мүйүздүү мал жандыктары мыйзамсыз өткөрүү учурунда аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК жана Чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгү менен биргеликте, Талас облусунун чек ара тилкесинде мыйзамсыз аткезчиликке каршы алдын ала иш-чараларын жүргүзүү учурунда, 2024-жылдын 12-сентябрында күнү “Чон-Капка” чек ара заставасынын аймагында Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына 308 баш ийри мүйүздүү мал жандыктарын мыйзамсыз өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын жараны “А.у.Н.” кармалды.

Азыркы учурда, УКМК тарабынан жогорудагы факт боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button